• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Гонконгдун командасын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында футбол боюнча Азия кубогунун I тайпасынын тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Гонконгдун командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Анда кыргызстандык футболчулар атаандашын 2:1 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, U-17 Азия кубогунун тандоо турунда 43 команда 10 тайпага бөлүнүшүп, күч сынашууда. 10 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда тандоо туру өтүүдө. Бишкекте боло турган I тайпага Иран, Лаос, Гонконг жана Кыргызстандын курама командалары кирет. Оюндар 5-7-9-октябрь аралыгында болот.

Ал эми Азия кубогу 2023-жылдын май айында Бахрейнде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий