• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Азия кубогуна тандоо: Тажикстандын курамасы Мьянманы утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 08.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тажикстандын футбол боюнча улуттук курамасы Мьянманын командасын 4:0 эсебинде утуп алды.

Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өттү.

Тажикстандык футболчулар атаандашынын дарбазасына төрт гол киргизип, жеңишти илип кетти. Ал эми оюндун 53-мүнөтүндө Мьянманын футболчусуна кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, оюндан четтетилди. Команда оюнду 10 оюнчу менен жүргүздү.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Кыргызстанда болот.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

F тайпасындагы оюндар:
8-июнь:
• Тажикстан - Мьянма;
• Кыргызстан - Сингапур.
11-июнь:
• Сингапур - Тажикстан;
• Мьянма - Кыргызстан.
14-июнь:
• Кыргызстан - Тажикстан;
• Мьянма - Сингапур.

Пикир

Оставить комментарий