• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия Кубогунда Кыргызстандын намысын коргоочу 23 футболчунун аты аталды

Спорт 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунда Кыргызстандын намысын коргоочу 23 футболчунун аты-жөнү жарыяланды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Эске салсак, азыр Кыргызстандын курама командасы окуу-машыгуусун Доха шаарында (Катар) өткөрүүдө. Даярдык 8-декабрда башталып, 3-январга чейин уланат.

Азия Кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага 24 курама команда катышат.

Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Дарбазачылар: Павел Матяш, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков.

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов, Дениэл Тэго, Айзар Акматов, Виктор Майер, Валерий Кичин.

Жарым коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Бахтияр Дуйшобеков, Азиз Сыдыков, Эдгар Бернхардт, Муролимжон Ахмедов, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков, Турсунали Рустамов, Одилжон Абдурахманов, Антон Землянухин, Бекжан Сагынбаев.

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс.

Пикир

Оставить комментарий