• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Азия Кубогунда жарым финалга чыккан экинчи жуп аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 26.01.19. /Кабар/. Футбол боюнча Азия биринчилигинде жарым финалга чыккан эки команда аныкталды.

Кечээ 25-январда Түштүк Корея – Катар жана Австралия – Бириккен Араб Эмирттары оюндары орун алып, Катар менен БАЭ атаандаштарын 0:1 эсебинде утуп алышты. Ал эми жеңилген Түштүк Корея менен Австралия үйлөрүнө кайтышат.

Катар курамасынан голдун автору Абдулазиз Хатем болду.

Ал эми Бирккен Араб Эмираттарында каршылаштарынын катасын колдоно алган Али Мабхут өз курамасына жеңиш алып келди.

Эми бул эки курама 29-январь күнү жарым финалда кездешет.

Эскерте кетсек, 24-январда Япония менен Иран жарым финалга чыга алышкан. Алардын оюну 28-январда өтмөкчү.

Бул оюндарды саат 20:00дө КТРК Спорт каналынан көрө аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий