• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия Кубогунун алкагында бүгүн Иран менен Япония беттешет

Спорт 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Футбол боюнча Азия чемпионатынын жарым финалында Иран менен Япония беттешет.

Оюн бүгүн, 28-январда Бириккен Араб Эмираттарындагы Хазза бин Зайед стадионунда өтөт. Футболдук беттеш саат 20:00дө башталат.

Эскерте кетсек, чейрек финалда Япония Вьетнам менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңип алган.

Ал эми Иран-Кытай беттешинде ирандыктар күчтүү чыгып, каршылаштарын 3:0 эсебинде утушкан.

Ошондой эле эртең жарым финалдын экинчи жубу - Бириккен Араб Эмираттары менен Катар ойношот.

Пикир

Оставить комментарий