• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азия Кубогу: 1/4 финалга чыккан командалар аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 23.01.19./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы катышкан Азия Кубогу - 2019 биринчилигинин чейрек финалына чыккан командалар аныкталды. Кечээ күнү 1/8 финалдын акыркы эки беттеши болуп өттү.

Эми жарым финалга чыгуу үчүн Австралия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кытай, Түштүк Корея, Япония, Вьетнам жана Иран курама командалары жарышка түшөт.

Эртең, 24-январда Япония менен Вьетнам жана Кытай менен Иран беттешет.

Жума күнү, 25-январда Түштүк Корея - Катар, Бириккен Араб Эмираттары - Австралия курамаларынын оюндары өтөт.

Ал эми бул мелдешке катышкан биздин курама команда чейрек финалга чыгуу үчүн БАЭ курамасына каршы ойноп, тилекке каршы жеңилип калды.

Бирок ага карабай "ак шумкарлар" жагымдуу оюну менен күйөрмандарына футбол майрамын тартуулап, башка өлкөлөрдү да суктандыра алды.

Пикир

Оставить комментарий