• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия лидерлеринин саммити Душанбеде өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Азия лидерлеринин саммитине Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын, Бангладештин жана Шри-Ланканын президенттери, ошондой эле Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла катышат.

Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын бешинчи саммити 14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борборунда өтөт.

Бул эл аралык форум Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ага Азиянын жалпы аянтынын 90 пайызга жакынын ээлеген 27 өлкө кирет. Мындан тышкары анда дагы сегиз мамлекет менен беш эл аралык уюм, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму байкоочу макамына ээ.

Пикир

Оставить комментарий