• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Азия МIХ» командасы кичинекей Мажитке жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 31-март /Назгуль Нурманбетова - Кабар/. Белгилүү «Азия МIХ» командасынын жигиттери II типтеги мукополисахаридоздон жабыркаган кичинекей Мажит Көчөрбаевге (бала тууралуу “Кабар” агенттигинин 14-марттагы маалыматы менен бул жерден тааныша аласыздар) барып, жардам көрсөтүштү.

“Кабар” агенттигине баланын апасы Сельме Көчөрбаева билдиргендей, 24-мартта анын уулу Мажитти көрүп, материалдык жардам көрсөтүүгө белгилүү бишкектик КВНчилер келишкен.

“Үйүбүзгө Сергей Абдулниязов кирип келди, чынын айтсам, мен аны муруту жок тааныган эмесмин. Мен анын ким жана кайсы уюмдан экендигин сурадым. Ал «Азия МIХ» командасынан деди. Ошондо да мен баарын түшүнгөн жокмун, - деп өкүнүү менен эскерет Сельме Көчөрбаева. – Чынында, өзүңүздөр түшүнөсүздөр, азыр шартка байланыштуу оюм бир жерде болбой жатат”, - деп түшүндүрөт ал.

Анын айтымында, команданын атынан уулунун дарылануусуна топтогон акчаны С.Абдулниязов жалгыз алып кирип берген. Калган жигиттер аны тышта унаада күтүп калышкан.

“Мен алардын баарын чакырып, чай бергим келген, бирок, апкаарып, учурду колдон чыгарып жибериптирмин. Баары күтүүсуз жана тез болуп кетти. Сергей биздин саламаттыгыбызды сурап, бир аз сүйлөшүп, бир сүрөткө түшкөнгө жетиштик. Бирок, мен алардын баарына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазымын. Дагы бир жолу боорукерликтери үчүн, менин кыйынчылыгымды тең бөлүшкөндөрү үчүн ыраазычылык билдирем”, - деп ой бөлүштү Сельме.

Ошондой эле, ал “Кабарга” уулу тууралуу маалымат чыккандан кийин дүйнөдө боорукер адамдар бар экенине ишенгендигин белгиледи. Көптөгөн телефон чалуулар болуп, жардам көрсөтүү сунуштары түшкөн.

“Юристтер, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун, 2-поликлиниканын дарыгерлери өз кызматтарын сунуш кылышты. Мындан тышкары, «Help the Children», «Сальма» жана «Хоспис» фонддору үн кошушту. Алар колдон келишинче жардам көрсөтүштү. Акыркы эки фонддун жардамы менен үч уулума анализ жасалып, генетик жана невропатологго бардык. Себеби, балдарымдын баарынын ден соолуктары начар”, - деди С.Көчөрбаева.

Ал өлкөнүн карапайым жарандары да колдон келген жардамдарын бергенин, моралдык колдоо ал үчүн абдан маанилүү экендигин кошумчалады. Ал эми маморгандар, анын айтымында, ага жардам бере алышкан жок. Саламаттык сактоо министрлигинен учурда, тилекке каршы, Мажитке зарыл дарыларга тапшырык берүүгө каражаттар жана мүмкүндүктөр жок экендигин айтышкан. ТИМ эч кандай жооп кайтарган эмес. Жалдагы оорукана ага жаткырууну сунуштаган, балким оорунун белгилерин убактылуу жеңилдетүү болор, бирок ал мындай дартты ал жакта дарылабагандыктан баш тарткан. Бирок, ооруканада өткөн ар бир күн машакаттуу, себеби Мажит ооруга чыдабай, түнкүсүн кыйкырып чыгат, палатадагы башка балдарга эс алууга мүмкүндүк бербейт. Ал акыркы жолу ооруканада жатканда, бейтаптар аны палатадан кууп салышкан. Ошондуктан бул окуянын кайталанышын Сельме каалабайт. Анын үстүнө уулу менен ал ооруканада дайыма эле жата албайт.

Бирок баланын апасы үмүтүн үзгөн жок. Ага көрсөтүлгөн кандай жардам болбосун кубанат. Себеби, анын дарыланууга муктаж дагы эки уулу бар. Анын айтымында, Мажиттин ден соолугунда жылыш байкалбайт, тескерисинче, күн сайын оорлошуп барат. Бирок, апасы жана туугандары Мажитке керек Элапраза дарысын алууга үмүттөнүшөт.

Сельме Көчөрбаеага жардам берүүнү каалагандар 0550 653-888 телефонуна чалып же ЭЛСОМ 0550 653-888 мобилдик капчыгына акча каражаттарын которууга болот.

Пикир

Оставить комментарий