• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Азия MIX» командасы, Илзат Ахметов, Светлана Назаренко жана Валентина Шевченко кыргызстандык медиктерге жардам көрсөтөт

Коом 0


Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын белгилүү инсандары өлкөнүн медиктерине керектүү буюмдарды алуу үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу Азия MIX КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Билдирүүсүндө ал, 1 млн сом чогулганын, ал акчага беткап, комбинезон, коргоочу көз айнек, коргоочу экран жана респираторлор сатылып алынгандыгын айткан.

“Биздин команда жана ЦСКАнын футболчусу Илзат Ахметов четте калбай кыргызстандык медиктерге жардам берүүнү чечтик. Биздин демилгени ошондой эле “”Город 312” тобунун солисткасы Светлана Назаренко, UFC чемпиону Валентина Шевченко да колдоду. Биз өзүбүздү мактабайбыз. Биздин чын жүрөктөн каалаганыбыз – жакынга жардам берүү, чыдамкайлык, сезимталдык, биримдик, жана ошондой эле сүйүү!”, - деп жазган Кененсаров.

Пикир

Оставить комментарий