• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Азия MIX» командасы КВН чемпиондорунун жайкы кубогуна катышат

Маданият 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. «Азия MIX» командасы КВН чемпиондорунун жайкы кубогуна катышат, ал 1-июлда Астана шаарында өтөт. Бул тууралуу команданын Instagramдагы расмий баракчасындай айтылат.

Кубок үчүн "Азия MIX", "Камызякск край курамасы", " Пятигорск шаары" и "Каzахи” командалары ат салышары айтылат.

Ошондой эле, "Астана.KZ" командасынын катышуучусу Малик Хасенов өзүнүн Instagramдагы баракчасына КВН оюндарынын 56 жылдык тарыхында биринчи жолу EXPO – 2017 көргөзмөсүнүн алкагында чемпиондор – 2017 жайкы кубогу Астанада өтөт деп белгилеген.

“2017-жылы 1-июлда “Казакстан” борбордук концерттик залында оюндар тартылып алынат, кийинчерээк аны Биринчи каналдын эфиринен КВНдин миллиондогон күйөрмандары көрө алышат. Бул мыкты болот”,-деген М.Хасенов.

КВНдин жайкы кубогу – КВНдин акыркы жылдардагы Жогорку лигасынын чемпиондору арасында жыл сайын өтүүчү оюн. Оюнду Александр Масляков-улуусу өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий