• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Азия MIX» “КВН” жайкы кубогу үчүн ойнойт

Маданият 0

Бишкек, 12- июнь /Кабар/. “КВН” оюндарынын жайкы кубогу 2017-жылдын 1-июлунда Астана шаарында өтөт. Бул маалымат “КВН” оюндарынын расмий сайтында жарыяланган.

Казакстандын борборунда Бишкектен «Азия MIX», «Город Пятигорск», Астананын “Казахи”, Астрахань облусундагы Камызякск аймагынын курама командалары оюн көрсөтөт.

Астананын маданият, архив жана документтөө башкармалыгынан билдиргендей, “КВН” оюндарынын тарыхында, алгачкы ирет Александр Масляков жогорку лигадагы жеңүүчүлөрдүн арасындагы оюнду Казакстандын борборунда өткөрүп жатат.

Ага акыркы жеңүүчү - мыкты командалардын өкүлдөрүнөн тышкары, калыстар тобунун мүчөлөрү келет.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан чыккан «Азия MIX» командасы 2016-жылдын декабрь айында биринчи жолу “КВН” жогорку лигасынын жеңүүчүсү болгон.

© сүрөт / Сергей Андрианов.

Пикир

Оставить комментарий