• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Азия MIX” Сочиде өткөн КВНдин жайкы кубогун жеңип алды

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. “Азия MIX” командасы Сочиде өткөн КВНдин жайкы кубогун утуп алды. Бул жаңылык менен “Азия MIX” командасынын мүчөсү Ситора Фармонова социалдык түйүндөрдө бөлүшкөн.

Ал сүрөт жарыялап, ыраазычылык билдирген.

“Рахмат КВН, Масляков Александр Васильевичке оюн, сүйүүсү, боорукерлиги, кубанычтын жашы, жеңиш жана КВНдеги чоң үй-бүлө үчүн рахмат. Ура, биз уттук”, - деп жазган ал.

Мурда команданын дагы бир мүчөсү Ростислав Ященко күйөрмандарына “Эль Классико” боло тургандыгын айтып, жайкы кубок үчүн “Азия MIX” жана казакстандын “Спарта” командалары ат салыша тургандыктарын билдирген.

Кийинчерээк Руслан Максимов бул алар үчүн акыркы оюн экендигин жазды.

Пикир

Оставить комментарий