• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия мыктылары наамына КРдан мушкер, машыктыруучу жана калыс көрсөтүлгөн

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Бокс боюнча Азия конфедерациясынын (ASBС) премиясына Кыргызстандан мушкер, машыктыруучу жана калыс көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КР курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев “Азиянын мыкты машыктыруучусу” наамы үчүн ат салышат. “Жылдын мыкты жаш мушкери” наамы үчүн Халид Алиев (80 кг чейинки салмак категориясында) жана “2018-жылдын мыкты Азиялык калысы” наамы үчүн Жамиля Боркоева күрөшөт.

Жамиля Боркоева 2018-жылы Нью-Дели шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча AIBA 2018 дүйнөлүк чемпионатында жана башка көптөгөн эл аралык спорттук иш-чараларда рефери болуп иштеген.

Добуш берүү үстүбүздөгү жылдын 7-декабрына чейин уланат.

Төмөнкү шилтеме аркылуу мекендештерибизди колдоого болот : https://www.surveymonkey.com/r/VPN8FCT…

Пикир

Оставить комментарий