• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия өнүктүрүү банкы альтернативдүү жолдун Кочкор – Эпкин бөлүгүн курууга $78 млн берүүгө даяр

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 –Кошумча каржылоо) жана Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, Барек 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2–Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 млн доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн доллар жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ал эми кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Депутаттар Түндүк-Түштүк жолу жакшы долбоор экенин белгилөө менен бирге, кийин насыялык карызды кайтарып берүүдө кыйынчылыктар болор-болбосуна кызыгышты. Каржы министрлигинин өкүлү бул багытта алдынала атайын талдоолор жүргүзүлгөндүктөн, тынчсызданууга азырынча негиз жок экенин белгиледи. Ал Кыргызстан насыянын үстөк пайызы үчүн 18,1 млн доллар кошумча каражат төлөй турганын кошумчалады.

Депутат Жанарбек Акаев жол курууга бөлүнгөн гранттык каражаттардын басымдуу бөлүгү консультанттарга жумшалып жатканына нааразылыгын айтты. «Гранттык каражаттын 7 млн доллары консультанттарга берилет экен. Эмне, ар бир консультант 1 млн доллардан маяна алабы? Андан көрө, ошол каражатты жолдун курулушуна салбайсыӊарбы», - деди ал.

Министрликтин өкүлү жолдун белгилүү бир участкасында бир консультант же консультанттар тобу эмес, атайын консультанциялык компания иш алпара турганын, ал консультанциялык кызматын тармак-тармак боюнча жүргүзөрүн, жол курулуп бүткөндөн кийин анын кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин анын сапатына көзөмөл кыларын, Азия өнүктүрүү банкынын шарты ошондой экенин билдирди.

Ал эми депутат Таабалды Тиллаев Түндүк-Түштүк жолу курулуп бүткөндөн кийин акы төлөнө турган жол болорун эске салып, өкмөт өкүлдөрүн азыртан калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштоого чакырды. «Азыртан түшүндүрө баштабасак, кийин калк арасында нааразычылыктар жаралышы мүмкүн», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Анын курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы - Эпкин бөлүгүндөгү 68 чакырым жолдун курулушуна подрядчиктер тандалууда. Тендердин шарттарына ылайык, 1 км жолдун чыгымы – 700-750 миӊ доллар. Тендер жыйынтыгында ал арзандашы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий