• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия өнүктүрүү банкы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого 100 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорлору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Азия өнүктүрүү банкы “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууга 100 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде жеңилдетилген насыя – 60 млн доллар, гранттык каражат – 40 млн доллар. Насыя 1, 5 үстөк пайызы менен 32 жылдык мөөнөткө берилүүдө.

Ал эми долбоорду 45 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо керектөөсүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарын тартуу жолу менен камсыздоо пландалууда. Долбоордун алкагында тыштан келе турган жабдууларды салыктардан бошотуу түрүндө 15 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо каралууда. Ошентип, долбоордун жалпы наркы – 160 млн доллар.

“Үч-Коргон ГЭС толугу менен кайра курулса, 35-40 жыл аралыгында 216 МВт көлөмүндө электр энергиясын өндүрө алат. Каражат мурда Токтогул ГЭСин оңдоого алынган насыядан үнөмдөлүп калган. Ал Үч-Коргон ГЭСин оңдоого жумшалууда. Ошондон улам, «Электр станциялары» компаниясына ренасыяланып жатат», - деди Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров.

Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы пайдаланууга берилген. Анын кубаттуулугу – 180 МВт. Өткөн 57 жылда негизги курулмалар менен жабдуулар толугу менен эскирди. Ошондон улам, ГЭС оңдоого муктаж. Анын алкагында негизги курулмаларды калыбына келтирүү, гидромеханикалык жана электротехникалык жабдууларды, көмөкчү жабдуулардын бир бөлүгүн калыбына келтирүү зарыл.

Өткөн талкуу жүрүшүндө депутаттар ГЭСди оңдоого алынган кажаттарды мындан ары да үнөмдөп, башка ГЭСтерди реконструкциялоо багытында жумшоо зарылдыгы, мындай аракеттерди колдоо керектиги жөнүндө пикирлерин билдиришкен.

Белгилей кетсек, Үч-Коргон ГЭСи оңдолсо, 2023-жылдан тарта трансулуттук “CASA-1000” долбооруна жылына 1,5 млрд кВт/саат электр кубатын берип турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. ГЭС “CASA-1000” долбооруна байланып жаткандыктан, жумшалган каражат 12 жыл аралыгында өзүн актайт деген божомол бар. Анткени, ал долбоордогу электр энергиясынын сатык наркы жогору: 1 кВт/саат – 5-7 цент.

Пикир

Оставить комментарий