• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ирригациялык инфраструктураны оңдоого $38,6 млн бөлөт

Коом 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстанга 38,6 млн доллар бөлөт.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарын туруктуулугун күчөтүү" боюнча кредиттик жана гранттык макулдашуулардын долбоорлоруна макулдугун берди.

Келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга каражат бөлөт. Долбоордун жалпы бюджети – 43,6 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынын каражаты – 38,6 млн доллар, анын ичинде гранттык каражат – 16,8 млн доллар, жеӊилдетилген насыя каражаты – 21,8 млн доллар.

КР өкмөтү долбоорго 5 млн долар кошот. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Бул долбоор 3 бөлүктөн турат: Ирригациялык инфраструктуралык түзүмдөрдү модернизациялоо, Ирригация тутумун жана айыл чарба жерлерин башкарууну жакшыртуу, Табигый кырсыктардын коркунучтарын улуттук деңгээлде башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.

Пикир

Оставить комментарий