Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча долбоорго кызыгуусун билдирүүдө – Назаров

Экономика 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча долбоорго кызыгуусун билдирүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча долбоор өкмөттүн кароосунда турат.

"Жакын арада өкмөт ал долбоорду кабыл алат деп ойлойм. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бир нече вариант, инвесторлор бар. Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк тарабынан бул долбоорду каржылоо боюнча кызыгуусу бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий