• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азия өнүктүрүү банкы менен гранттык макулдашууну ратификациялоо мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Бишкек шаарында 2017-жылдын 18-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программасы -3-чакан программа» (грант № 0563-KGZ) гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программасы -3-чакан программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөндөгү багыттар боюнча реформалар ишке ашырылды:

-финансылардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана финансылык кызматтарды көбөйтүү;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн комплекстүү программасын колдоо;

- инвестицияларды жана экспортту алдыга жылдыруу;

- бизнес жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүү.

Гранттык макулдашуу ратификацияланган кийин АӨБ тарабынан бюджеттик колдоого 25,0 млн доллар грант берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий