• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия өнүктүрүү банкы түндүк-түштүк жолуна 68,5 млн доллар насыя берүүгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 –Кошумча каржылоо) жана Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, Барек 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2–Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Бишкек-Торугарт багытындагы, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш.

Депутат Сайдулла Нышанов кийин насыялык карызды кайтарып берүүдө кыйынчылыктар болор-болбосуна кызыкты. Баяндамачы бул багытта алдынала атайын талдоолор жүргүзүлгөнүн, ошондондуктан тынчсызданууга негиз жок экенин белгиледи. Ал Кыргызстан насыянын үстөк пайызы үчүн 18,1 млн доллар кошумча каражат төлөй турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий