• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия өнүктүрүү банкы түндүк-түштүк жолуна насыя жана грант берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 430 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Бишкек-Торугарт багытындагы, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы түндүк-түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш.

Белгилей кетсек, Карыз берүү жөнүндөгү макулдашуунун (Стандарттык операциялар жеӊилдетилген шарттар менен) (Бирдиктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана Грант берүү жөнүндөгү макулдашуунун (Атайын операциялар) (Бирдиктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) долбоорлору макулдашууга киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий