• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанга интернеттин баасын арзандатууну сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (ADB) Тажикстанга интернеттин баасын төмөндөтүп, жарандардын дүйнөлүк желеге кошулуу шарттарын жакшыртууну сунуштады.

Банк Тажикстандагы экономикалык абалды анализдеп чыгып, 3-апрелде бул тармакты жакшыртуу боюнча сунуштар жазылган жаңы баяндамасын жарыялады. Негизги сунуштардын арасында Интернетти жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү сунушу өзүнчө белгиленген.

Баяндамада Speedtest программасынын маалыматтарына таянуу менен Тажикстанда интернеттин ылдамдыгы өтө жай экени жазылган. «Тажикстан маалыматтык технологиялардын инфраструктурасын чыңдап, интернетти арзандатып, анын сапатын жакшыртып, бул тармакка салган жеке инвестицияларды колдоо менен чоң-чоң экономикалык дивиденттерге ээ болсо болот», — деп билдирди банктын Тажикстандагы туруктуу өкүлү Прадип Сривастава.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматынын буйругуна ылайык, быйыл 27-марттан тарта өлкөдөгү мобилдик операторлор 1 Мб интернеттин баасын кеминде 5 дирамга чейин жогорулатышы керек болчу. Эгер буга чейин тажик операторлорунун 1 гигабайт интернети болжол менен 30-35 сомони (3-3,6 доллар) турса, 27-марттан кийин 51 сомониге (5,3 доллар), кошумча нарк салыгын эсептегенде 63 сомониге (6,7 доллар) чейин кымбаттамак. Азырынча мекеменин бул буйругу мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Буга чейин өлкөдөгү уюлдук компаниялар менен жарандык активисттер бир нече жолу мобилдик интернеттин баасын жогорутуу тууралуу чечимди жокко чыгарууну талап кылышкан. Бирок өткөн жумада тажик салыкчылары Монополияга каршы кызматтын бул демилгесин колдоп, интернетти кымбаттатуу зарыл экенин билдиришкен.

Түрдүү маалыматтар боюнча Тажикстанда калктын 15 пайыздан 40 пайызга чейинки бөлүгү интернет колдонот. Тажик Байланыш кызматы бүгүнкү күндө өлкөдө үч миллионго жакын интернет колдонуучу бар экенин билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий