• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азия оюндары-2017: “Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Филиппин командасын 10:5 эсебинде утту”

Спорт 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Саппородо (Японияда) өтүп жаткан VIII кышкы Азия оюндарынын алкагында экинчи жолу жеңишке жетти. Бул тууралуу КРнын хоккей федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-февралда турнирде дивизион күчү боюнча үчүнчүнүн командалары топтук этаптын 2-турунун оюндарын өткөрүштү, анда Кыргызстан курама командасы Филиппин командасына каршы турду.

“Кыргызстандын курама командасы 10:5 эсебинде Филиппиндин командасын ишенимдүү жеңе алды”,-деп белгиледи федерациядан.

Кыргызстандын курамасынын кийинки оюну Катар командасына каршы 24-февралда өтөт.

Эскерте кетсек, биринчи оюнда кыргызстандык оюнчулар Кувейт курама командасын 5:0 эсебинде уткан.

Пикир

Оставить комментарий