• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия оюндары: Бүгүн футбол боюнча КР курамасы (U-23) Бахрейн менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы (U-23) бүгүн Азия оюндары-2018 алкагында тайпалык этаптын экинчи оюнунда Бахрейндин курамасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Биринчи оюнда Кыргызстан 1:3 эсебинде Малайзиядан утулуп калган.

Белгилей кетсек, КР курамасы Е тайпасында, Малайзия, Бахрейн жана Түштүк Кореяга каршы ойнойт.

26 команда 6 тайпага бөлүнгөн (4төн 4 жана 2ден 5 курама). Турнирдин кийинки баскычына 16 команда өтөт: тайпадан 2 курама, ошондой эле 3-орунду алган 4 мыкты курама.

Жайкы Азия оюндары – 2018 Индонезияда 14-августтан 2-сентябрга чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий