• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия оюндары: Бүгүн футбол боюнча КР курамасы (U-23) Түштүк Корея менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы (U-23) бүгүн Азия оюндары-2018 алкагында тайпалык этаптын үчүнчү оюнунда Түштүк Корея менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Биринчи беттеште Кыргызстан 1:3 эсебинде Малайзиядан жеңилип калса, экинчи оюнда Бахрейн менен 2:2 болуп тең чыккан.

Эске сала кетсек, КР курамасы Е тайпасында, Малайзия, Бахрейн жана Түштүк Кореяга каршы ойнойт.

26 команда 6 тайпага бөлүнгөн (4төн 4 жана 2ден 5 курама). Турнирдин кийинки баскычына 16 команда өтөт: тайпадан 2 курама, ошондой эле 3-орунду алган 4 мыкты курама.

Жайкы Азия оюндары – 2018 Индонезияда 14-августтан 2-сентябрга чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий