• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азия оюндары : Евгений Тимофеев гигант- слаломдо 8-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Евгений Тимофеев Японияда (Саппоро шаары) өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагындагы гигант-слаломдо 8-орунду ээледи деп билдирди КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, учурда Кышкы Азия оюндарынын алкагында тоо лыжасы боюнча мелдеш жүрүүдө. Ага Кыргызстандан Евгений Тимофеев менен Максим Гордеев катышууда. Алгачкы гигант-слаломду Евгений Тимофеев 1:10.93 убакытта өтүп, 8-орунду ээлесе, Максим Гордеев 1:17.61 убакытта өтүп, 19-орунга чыкты.

Бардыгы болуп тоо лыжасы мелдешине 44 спортчу катышууда.

Эскерте кетсек, бул оюндарга Кыргызстан хоккей, муз үстүндө бий, биатлон, лыжа жарышы, тоо лыжасы боюнча катышууда.

Пикир

Оставить комментарий