• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия оюндары: Каныбек Жолчубеков күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Грек-рим стилиндеги мушкер Каныбек Жолчубеков (60 кг чейин) Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында финалда япониялык Ота Шинобудан (Ota Shinobu) жеңилип калып, экинчи орунду ээледи.

Финалдык беттеш 3:8 эсебинде аяктаган.

Ушул эле салмактык категорияда коло медалды казакстандык спортчу Мирамбек Айнагулов жана ирандык Мердани Мехрдад алган.

Кечээ мушкерлер Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утушкан.

Пикир

Оставить комментарий