• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Азия оюндарына даярдык: Тыныбекова күрөш боюнча Испаниядагы турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Бүгүн Испаниянын Мадрид шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык Grand Prix of Spain турнири башталат. Мелдешке КРдин атынан да спортчулар катышат.

КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Мадина Надировалар жайкы Азия оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында аталган турнирге катышууда.

Мелдеш 20-июлда аяктайт.

Эске сала кетсек, жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Жакарта жана Палембарг (Индонезия) шаарларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий