• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 120дан ашуун спортчу катышат

Спорт 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. XVIII Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 120дан ашык спортчу катышат. Өлкөнүн курама командасын салтанаттуу узатуу аземи бүгүн Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтөт.

Оюндар 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын борбору Джакартада өтөт. Оюндардын программасында 40 дисциплина боюнча 462 медаль ойнотулат. Кыргызстандыктар спорттун 21 түрүнө катышат.

Олимпиадалык түрлөр: грек-рим күрөшү, эркин күрөш, аялдар арасындагы күрөш, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, сууда сүзүү, жаа менен атуу, байдарка менен каноэде сүзүү, волейбол, көркөм гимнастика, таэквондо, оор атлетика, футбол.

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү: самбо, джиу-джитсу, ушу, саньда, кураш, пенчик силат

Кыргызстан суверендүү өлкө катары алгачкы жолу XII Азия оюндарына 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында катышкан. Ушул күнгө чейинки оюндарда 40 медаль утууга жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий