• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Азия оюндарында кыргыз спортчулары дагы 2 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 22.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы оюндарда бүгүн кыргыз спортчулары дагы 2 медаль утушту. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында маалымдалат.

Бүгүн, 22-сентябрда алыштын классикалык түрү боюнча мелдеште 12 медаль ойнотулат.

Эркектер арасында 70 кг чейинки салмакта Шаршенаалы уулу Мадаинбек жарым финалда Түрмөнстандык спортчудан утулуп калып, коло медаль тагынды.

Дагы бир коло медалды Кыргызстандын байге куржунуна спортчу Анар Рыскулова алып келди. Рыскулова 55 кг чейинки салмак категориясында Түркмөнстандык спортчудан жеңилип калган.

Андан сырткары, Нурбек Кожобеков (90 кг чейин) жана Мээрим Момунова (60 кг чейин) финалга чыгышты. Бүгүн кечинде алар “алтын” медальүчүн беттешке чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий