• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Азия оюндарындагы алгачкы алтын! Төрөкан Багынбай уулу биринчи орунду ээледи

Спорт 0


Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Кыргызстандык Төрөкан Багынбай уулу учурда Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында КР үчүн алгачкы алтын медаль утту.

Спортчу бүгүн жиу-житсу боюнча 69 кг салмактык категорияга чейин беттешке чыгып, Түркмөнстан жана Таиланддын өкүлдөрүн утуп, финалга жолдомо алган.

Финалдык беттеште ал Бириккен Араб Эмиратынын мушкери Талиб Алкирб менен кармашып, жеңишке жеткен. Ошентип, Төрөкан Багынбай уулу Кыргызстандын байге куржунуна алгачкы алтын медаль алып келди.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 күмүш, 4 коло жана бир алтын медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий