• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча курамасы үчүнчү орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Азия-Тынч океан сурдочемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке беш мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Монголия) курама командалары катышты.

Командалык эсептин жыйынтыгы төмөнкүчө:

1-орун Казакстан (5 алтын, 5 күмүш);

2-орун Иран (2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль);

3-орун Кыргызстан (2 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль).

Белгилей кетсек, Азия-Тынч океан сурдочемпионаты таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөшү боюнча өтүп жатат. Мелдеш 2-март күнү башталып, бүгүн, 11-март күнү жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий