• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азия жана Океания чемпионатынын жеңүүчүсү Владимир Золоев автоунаалуу болду

Спорт 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курамасынын спортчусу Владимир Золоев автоунаалуу болду. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 6-9-апрель күндөрү Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өткөн.

Аталган мелдеште Владимир Золоев 81 кг салмакта күч сынашып, алтын медалды багындырган. Ага Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясы Kia Rio үлгүсүндөгү унааны белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий