• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга келди

Спорт 0

Бишкек, 15-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кечээ “Манас” эл аралык аэропортунан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги аялдар күрөшү боюнча Азия-2017 эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованы тосуп алды. Бул тууралуу мамагенттиктен билдиришти.

Кыргызстан курама командасынын аялдар күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков айткандай, А.Тыныбекова жаракатынан кийин кыска мөөнөттө даярданган, буга карабастан, ал Азия чемпионатында ишенимдүү жеңишке жетишти.

Өз кезегинде Азия чемпиону бардык кыргызстандыктардын колдоосуна ыраазычылык билдирди. “Биз чемпионатка катуу даярдык көрдүк жана психологиялык жактан даяр болчубуз. Бардык атаандаштар мурдатан белгилүү болгон. Мен атаандаштарымдын эмнеге жөндөмдүү экендигин билип, алдын ала күчүмдү бөлүштүрүп алдым”, - деп билдирди А.Тыныбекова.

Эскерте кетсек, 13-майда Азия-2017 чемпионатында А.Тыныбекова 58 кг чейинки салмак категориясында аялдар күрөшү боюнча алтын медаль алган.

Пикир

Оставить комментарий