• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин мурдагы орун басары Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Бекназаров 2010-жылдагы "Июнь окуясы" боюнча сурак берүүдө.

Эске салсак, буга чейин “Июнь окуясына” байланыштуу убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнө карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши 2021-жылдын апрель айында кайра карала баштаган.

Пикир

Оставить комментарий