• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Афганистандагы кыргыздар менен жолугушат

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев үстүбүздөгү жылдын июль айларында Афганистан Ислам Республикасында эзелтен байырлап жашап келе жатышкан кыргыз эли менен жолугушуп, алардан кабар алаары күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен Афганистан Ислам Республикасын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах мырза менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Азирети Муфтийдин Афганистандагы кыргыз эли менен болгон жолугушуусунда тамак-аш азыктары, окуу куралдары жана турмушка керектүү буюм-тайымдар жардам катары жеткирилип берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий