• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Баетов айылындагы мечиттин ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 09.11.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев расмий иш сапары менен Нарын облусунун Ак Талаа районуна барып, Баетов айылынын жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундары менен жолугушууда Максатбек ажы Токтомушев айыл элин биримдүүлүк менен ынтымакка, достук менен туугандык мамиледе бекем болууга жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн салым кошууга чакырды.

"Муну менен катар Азирети муфтий жергиликтүү айыл элин ысырапкорчулуктан оолак болуп, кайрымдуулук иштерин жасоого, балдарды билим аркылуу тарбиялап, алардын ыйман, адебине көңүл бурууга, ата-эне, кошунаны сыйлоого, улууларга урмат көрсөтүү менен алардын тажрыйбасын, акыл-насааттарын алууга чакырып, эң башкысы мамлекеттин тынчтыгы үчүн эли ичиндеги ынтымакты туу тутууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Андан соң муфтий Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен курулган Абу Бакр ас-Сыддык мечит-медресенин ачылыш салтанатына катышып, мечитти курган демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий