• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев иш сапар менен Ысык-Көл облусуна барат

Коом 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Эртең, 28-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапар менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапар аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында болот.

“Иш сапардын алкагында Азирети Муфтий жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана КРнын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Ч.Моңолдоров менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаалды талкуулашмакчы. Аны менен катар Максатбек ажы Токтомушев облустук администрацияда өтүүчү жыйынга катышып, элдин ар кыл багыттагы суроолоруна жооп берет», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий