• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Азирети муфтий Меккеде ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү менен жолугушуп, ажылыкты уюштуруу иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев Кыргызстандык ажылар үчүн түзүлгөн шарттар, мекендештерибиздин саламаттыгы, ажылык амалдардын аткарылышы боюнча сабактардын өтүлүшү, медициналык пунктардын иштөөсү, жарандардын коопсуздуктары жана тамак-аштары боюнча жалпы маалымат берип, штаб кызматкерлери кезектешүү менен 24 саат иштеп жаткандыгын маалымдады.

“Максатбек ажы Токтомушев быйылкы жылдагы ажылык башка жылдардагыдан өзгөчө болуп, тейлөө сервистери жогорку деңгээлде болушу керек экендигин баса белгилеп, ажылар үчүн бардык кызматтарды өз учурунда бүткөрүүнү тапшырды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий