• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азирети муфтий Токтомушев Мекке шаарындагы болочок ажылардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарында ажылык милдеттерин өтөп жаткан болочок ажылардан кабар алды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, болочок ажылар менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий ажылыктын ыйыктыгы жана бул сапардын түйшүгүн айтып, ыйык сапар боюнча маалымат берди.

"Максатбек ажы Токтомушев жылдан жылга ажылыкты уюштуруу иши жакшырып жаткандыгын айтып, муфтият бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Азирети Муфтий ажылык сапарды ачык айкын уюштурууда атайын 24 кишиден турган мекемелер аралык комиссия түзүлгөндүгүн айтып, бул иш учурда өзүнүн жемишин берип жаткандыгын билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий