• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азиз Аалиев РКӨФ башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.03.21./Кабар/. Мамытов Нурлан Токтобекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мындан тышкары, Аалиев Азиз Кубанычбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Тийиштүү чечимге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий