• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азиз Аалиев Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев өлкөгө жумушчу сапары менен келген Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Азиз Аалиев белгилегендей, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтык кыргыз-татар мамилелериндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Кыргыз тарап экономиканын ар кыл тармактарында масштабдуу тыгыз аракеттенүүгө даяр. Атап айтканда, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, эки республиканын ишканалары жана уюмдары ортосундагы түз байланыштарды орнотууга жана кеңейтүүгө, өндүрүштүк кооперация боюнча узак мөөнөттүү келишимдерди ишке ашырууга, ишкерликти жана башка чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу экономикалык, финансылык, инвестициялык жана укуктук шарттарды камсыздоого, санариптештирүү, экология, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты туудурган башка тармактарда ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Татарстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча Жол картасын ийгиликтүү ишке ашыруу биздин республикалар ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүүгө кошумча дем берет деп ишенем», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Өз кезегинде Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов эки республиканын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыгын мындан ары чыңдоо жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, тоо-кен өндүрүү, машина куруу жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий