• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азиз балдар үчүн Чыңгыз Айтматовдун жомокторунун жана уламыштарынын жыйнагы чыкты

Коом 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Кыргызстанда азиз балдар үчүн Брайль шрифти менен Чыңгыз Айтматовдун жомокторунун жана уламыштарынын жыйнагы чыкты. Атайын чыгарылышка “Манас” аэропорту каржылык колдоо көрсөткөн.

“Плюс” фондунун аткаруучу директору Айдай Төлөнова азиз жана көрүүсү начарлар үчүн атайын мекемелерди басылмалар менен камсыздоо курч көйгөй экенин билдирди.

“Кыргызстанда катталган жана көрүүсү боюнча боюнча майып катары саналган адамдар 5 миңден ашат. Алар басма жана башка маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө муктаж. Айтматовдун жыйнагынын Брайль шрифти менен басылып чыгышы көрүүсү боюнча майып балдарга жазуучунун жомоктору жана уламыштары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Фонд жыйнакты чыгарууга Айтматовдун үй-бүлөсүнүн макулдугун алды”, - деди Төлөнова.

“Манас” эаропорту ААК Башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукув долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Быйылкы жылдын башында Айтматов Эл аралык фонду тарабынан жазуучунун жомокторунун жана уламыштарынын биринчи жыйнагы орус тилинде биздин ишкананын колдоосунда чыгарылган. Эми китеп Брайль шрифти менен басылып чыкканы кубанычтуу. Аны жөнөкөй окурмандар эле эмес, көрүүсү начар адамдар да окуй алышат ”, - деди ал.

Айтматовдун жомоктору жана уламыштары 2 брайлдик том менен 30 комплект чыгарылды. Сатыкка коюлбайт. Китептер Бишкек жана Ош шаарларындагы балдардын атайын адистешкен мекемелерине тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий