• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азиз Батукаевди бошотуу боюнча иш: Прокуратуранын кызматкери кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Азиз Батукаевди бошотуу боюнча иштин алкагында прокуратуранын кызматкери кармалды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине укук коргоо органдарынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, прокурор ал кезде атайын прокуратура кызматында иштеген. Учурда ал үй камагына алынган.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Ички иштер министрлиги билдиргендей, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге "курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)" диагнозун коюп, диагнозду тактоодо фактыларды жасалмалаган. 2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган "курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)" диагнозун жокко чыгарып, диагнозду тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө бир катар медицина кызматкери шектелип кармалган.

Аны менен катар А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок, кийинчерээк мурдагы министр үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле, 21-май күнү бул иш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кармалган.

Андан тышкары, Башкы прокуратура тарабынан Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Ж.Э. карата сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул иш боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы төрагасы, мурдагы ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев да сурак берген.

Пикир

Оставить комментарий