• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азиз Мурадиллаевдин операциясына акча чогултуу жабылды. 1,5 млн сомдон ашык каражат жыйналды

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу операциясына каражат чогултуу жабылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 1 млн 565 миң сом чогулду.

"Кайдыгер карабай, акча чогултууга салым кошкон жарандарга чоң рахмат. Кыргыз элинин үнүн уккан президентке дагы терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Эске сала кетсек, мындан бир нече кун мурун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.

Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.

Пикир

Оставить комментарий