• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азиз Суракматов алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын билдирди

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын билдирди. Суракматов азырынча кайсы саясий партия менен шайлоого ат салыша турганын ачыктаган жок.

Эскерте кетсек, Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри кызматынан кетип, анын милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Нариман Түлеев аткарууда.

Суракматов өз сөзүндө шаар мэри кызматын ээлеп турган учурда 100 гектар жерди мамлекеттин карамагына өткөргөнүн, "Тулпар" төлөм картасы ишке киргенин, газ менен жүрө турган 60 автобус сатылып алынганын жана 100 автобусту алуу үчүн тендер жарыяланганын белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий