• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 8-августта өткөн 18-сессиясында Азиз Суракматовду Бишкектин мэри кызматына шайлашты.

Суракматовго 43 депутат добуш берген, 1 депутат баарына каршы добуш берген.

Белгилей кетсек, анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Аталган кеңешке КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" фракциялары кирет.

Талапкерди көрсөтүү укугуна "Республика-Ата-Журт" оппозициялык фракциясы жана премьер-министр дагы ээ.

Мурдагы мэр Албек Ибраимов ээлеген кызматынан бошотулган. Ага "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий