• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Азиз Суракматов: Ыйык Курман айт жалпыбызга ынтымак, биримдик, бакыт алып келсин

Коом 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Урматтуу мусулман туугандар!

Урматтуу шаардыктар жана коноктору!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана үй-бүлѳмдүн атынан куттуктайм!

Ыйык Курман айт жалпыбызга ынтымак, биримдик, бакыт алып келсин.

Ушул ыйык күндө баарыӊыздарга узун өмүр, ден соолук, бакубат жашоо, ишиӊиздерге ийгиликтерди каалаймын. Жараткан элибизге, шаарыбызга ѳсүп ѳнүгүүнү насип кылсын!

Айт маарек болсун!

Сиздерди урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Пикир

Оставить комментарий