• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азизбек Мадмаров БУУнун башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун терроризмге каршы стратегиясын колдой турганын дагы бир жолу ырастады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-мартта Ташкент шаарында «Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы» темасына арналган Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын алкагында Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) башчысы Владимир Воронков менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуунун негизги максаты КРдагы терроризмге каршы программаларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле Афганистандагы окуялардын Борбордук Азиядагы коопсуздукка мүмкүн болуучу таасирин талкуулоо болду.

КРнын делегациясынын башчысы Кыргызстан БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын колдой турганын ырастап, 2023-2028-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча жаңы программаны иштеп чыгууга Кыргызстандын компетенттүү органдарына техникалык жана эксперттик жардамды тартуу маселеси боюнча БУУ менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Министрдин орун басары Мадмаров башкы катчынын орун басары Воронковго ТКБнын программаларын жана долбоорлорун Кыргызстанда ишке ашырууга көрсөткөн жеке колдоосу, Бишкек шаарында жайгашкан БУУ ТКБнын Борбордук Азиядагы аймактык координатору Мурад Тангиевдин активдүү аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү мүмкүнчүлүгү боюнча кыргыз тараптын сунуштары камтылган Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катын тапшырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө БУУ ТКБнын кароосуна Кыргызстандын компетенттүү органдарынын мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштары берилди.

Өз кезегинде Воронков БУУ ТКБ жана Кыргызстандын терроризмге каршы аракеттенүү боюнча кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалап, ошондой эле БУУ ТКБ менен КР ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча тыгыз байланыштарды улантууга даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий