• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азизбек Мадмаров ДССУнун КРдагы өлкөлүк кеңсесинин башчысына юбилейлик медаль тапшырды

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргызстан менен активдүү жана жемиштүү кызматташтыгы, өзгөчө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү мезгилинде көрсөткөн жардамы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин башчысы Назира Артыковага «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Мадмаров ДССУга Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Н.Артыкова Кыргыз Республикасы менен ДССУнун кызматташтыгы жемиштүү мүнөзгө ээ болгондугун белгилеп, мындан ары да жардам берүүгө ниеттенгендигин ырастады.

Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин да талкуулашты.

Жыйынтыгында А.Мадмаров Н.Артыкованын ишине ийгиликтерди каалап, Кыргызстан ДССУ менен мындан ары жемиштүү өз ара аракеттенүүсүн улантууга даяр экендигин тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий