• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Бурса шаарындагы ардактуу консулу менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кечээ, 28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркиянын Бурса шаарындагы ардактуу консулу Билал Тутуш баш болгон түрк делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Мадмаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын интенсивдүү мүнөзүн, ошондой эле 2021-жылы бир катар жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жана иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы активдүү диалог мындан ары да өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын Бурса шаарындагы ардактуу консулунун КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү консулдук аймагындагы ишинин маанилүүлүгүн жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Бул максатта министрлик түрк делегациясынын КРнын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөттү.

Ардактуу консул Тутуштун айтымында, түрк делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын максаты инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, өндүрүш жана соода дараметин, потенциалдуу кызматташуу багыттарын изилдөө, ошондой эле Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүнүн жана тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий